• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жармастан: “Ажо чабыштын” алдындагы окуялар

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастанда алты жылда бир жолу “Ажо чабыш” болуп турат. Анын шарты ушул кимдин аты ыраак чыгып келсе ага алты жыл Башбакандын камчысы тапшырылып, алты жылы эл бийлейт. “Ажо чабыш” мелдеши жакындаган сайын, жарпиялардын же жарпиясы жок эле өз атымды өзүм чабам дегендердин тынчы кете баштады. Эмитен кайсы аты менен жарышка чыгарын айтышып, элдин көңүлүнө өздөрүнө буруу менен алек.

Алгачкы болуп Халай деген жерден Хатматбек Көрдүбеков чапчу атын алкынтып чыга келди. Оо, Көрдүбековдун чыны менен көрбөгөнү жок. Кезегинде “Челленжер” деген самолетту атайы жалдап учуртуп келип кондуруп, ичин шашпай карап чыккан жайы бар. Анан ичи күйгөндөр “бул жакты деле шашпай көрүп чык” дешип Кыкы-Быкынын жертөлөсүнө алты ай жаткырып коюшкан. Ошо Көрдүбеков эми “Ажо чабышта” атты да өзүм чаап көрөйүн деп жатыптыр. Ошону менен калкылдаган Халайлыктардын алдына келишкен аргымакты минип чыга калды эле жарчысы жандай чаап мындай деп төктү:

Алдында ак боз аргымак,

Алкына басса жар кулап,

Ары жактан там кулап,

Асмандагы Ай кулап,

Алыс чыгып келчүдөй...

Башбакан болсо Хатматбек,

Асмандаган далайдын,

Акелерин таанытып.

Азабын колго берчүдөй...

Эл кол чаап дүр эле дей түшкөн. Кийин чыр чыкты. “Ак боз аргымакты арендага алып минип, акысын төлөбөй кетиптир”,- деп, Кентавр каналынын Камышай дегени какшык таратып жиберип ызы-чуу түшүп калышты..

Аңгыча болгон жок “Көнүгүү-Процесс” жарпиясынын лидери Бакап Коробаев минген атынын жарымын ак, жарымын жашылга боетуп алып кыйкырып чыга келди. Жарчы жалдагандан акчасын аяган окшойт, ээрдин кашына орнотуп алган микрофонуна мурдай такай салып, айтып турганы:

Мен го Бакап,

Менин атым чыкпаса чатак.

Атымды акка боегон себебим,

Алыстан тааны дегеним.

Жашылга боегон себебим,

Жакшылап көргүң дегеним.

Жарышканды жеңемин,

Алышканды жеңемин.

Салышканды жеңемин.

Сагызганды жеңемин...

Жеңемин эле жеңеним...Жалаң “жеңеминди” жетимиш үч мүнөт төктү эле “айланайын жеңесин” деп жатып араң аттан түшүрбөдүкпү.

Эсибизди жыйгыча “Сак шумкар” жарпиясынын лидери Кемир Сарбаев башка жарпияларга кошпой, сак-сактап элден алыс бакчу сары атына үкүлүү топу кийген бир келинди мингизип алып, өзү жетелеп чыга келбеспи. Бул неси дегиче үкүлүү келин дегенибиз кесиби журналист, кезегинде ТТРКадан тынбай сүйлөп турчу, Акматалиева дечү сулуу экен, микрофонду эптүү кармай, оң жак, сол жакка оой калып, созуп келатты:

Сабалап учкан кыргыек,

Сары ташка барып консунчу.

Сарбаевди саргайтпай,

Сары аты чыгар болсунчу.

Башкалар чыкпай койсунчу...

Далалай-дум..Далалай дум...

Буларды карап турган, айтылуу Кыш болбойт олуя аты чыкпасын көрүп койду окшойт, сүмбөдөй жараган тору атын жетелеп басып кетти. Бул элден башкача ойлонуп, башкача иш кылган Кыш болбойт тору атын эл сыяктуу суутуп таптабай, орус мончого салып күнүгө терин алып жүргөнүн жарыя кыла элек..Атым чыкса айтам деп жүрөт..Чыкпаса сыр бойдон калат окшойт.

Ошону менен күздөгү “Ажо чабышта” ким, кайсы атын чабары көрүнүп калды. Бирок чабышка чыккандардын тизмеси толо элек, канча болоорун баамдаш да кыйындап баратат. Азыр эле ат чабыштын тизмесине киргизгиле деп 16 чабандес чыкты. Арасынан эркектен аял кем эмес дегенсип, үчөө аялдардан. Кызыктын баары алдыда. Бат эле күз келсе болот эле...

Пикир

Оставить комментарий