• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жармастан: Чоң Мышык Халайдын чатагы

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Ааламга жаңылыктын баары Жармастандан тарайт. Жакындан бери Жармастанга асмандан Кудай түшүптүр деген кеп тарады. Аны да Чоң Мышык Халай деген неме өзү таратты. Баарынан да ошол түшкөн Кудай менмин, кийинки жылдан баштап бүт дүйнөгө бийлик жүргүзөмүн деп чыкты. Жармастандыктар тапан эл келишет. Бирөө чыга калып: - А эмне үчүн быйылдан баштап Кудай болбойсуң? - деген суроо узатты эле, Шаурдин деген компаниясы бар экенин, ошонун эсеп-кысабын бүтүрө салса, жаңы жылдан баштап Кудайлык кызматына кирише турганын айтты. Аны уккандар өзү Кудай болсо эсебин эки мүнөттө эле чыгарып албайбы дешип шектенип калышты.

Жармастандыктар ишенчээк эл. Ушул эле Чоң Мышык Халай бир жолу “Быйыл кыш болбойт” деп салып, көпчүлүгү көмүр албай коюшуп, ошол жылы катуу кышта тоңуп кала жаздашкан. Ошондон бери Чоң Мышык Халайга дээрлик ишенбей калышкан. Анын үстүнө бир күнү күндөн, бир күнү айдан, бир күнү жылдыздан, бир күнү тиги эле Байтиктин Басбөлтөгүнөн түшүп келдим деп, элдин боорун эзип турчу немеге көнүп деле калганбыз.

Бирок, Жармастандын Сайказан жармачылары Чоң Мышык Халайдан катуу эстери чыгып, Сайказандын кезектеги жыйынына дин иштери боюнча Жармастандын атайын комиссиясынын төрагасын чакырып алышып, мындай деген суроолорду жаадырышты:

  • Анын Кудай экендигин далилдеген күбөлүгү бар бекен я?
  • Ага ким кол коюптур?
  • Эмне, Сайказан жармачыларын таратат бекен?
  • Кокус, Кудай деген документи жок болсо эмне кылабыз?
  • Кокус, чын эле Кудай болуп калса эмне кылабыз?

Ошону менен Жармастандын Сайказан жармачылары туңгуюкка кептелди. Айрымдары, тиешелүү адистерге көрсөтүп, анын Кудай же Кудай эместигин далилдеп берүүнү талап кылышууда...Ырас эле Чоң Мышык Халайдын Кудай экендиги аныкталса Сайказан жармачылары эмне кылышат я?

Пикир

Оставить комментарий