• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жармастан: Эми Айыл чарба министрлигинин өзүн мүлжүмөк болушту

Жармастан 0

Жармастан тоолуу өлкө. Жеринин 95 пайызын тоо ээлейт. Ага жараша төрт түлүк малга ыңгайлуу, бетегеси белден буралган келишкен жайлоолору көргөндүн көз жоосун алат. Бирок мындай жерлерде багылган топоз, уй, жылкы, куйругу кулач койлорунун этин, сүтүн, кымызын, тери-жүнүн сыртка оңойлук менен чыгара алышпайт.

Ал эми Жармастандын Айыл чарба министрлигинен жардам деле жок. Тескерисинче, зыяны тийиши ыктымал. Анткени бул министрликте иштеген айрым чиновниктер элетке командировкага барып калышканда, айылдыктардын букасы өтүп баратса “буртасы буртулдайт” деп шилекейин жутуп ийген, кой-козусун көрсө “бах, куйругу кулач экен” деп ченеп жиберген, жылкысын көрсө “таман казы чыгат” деп тамшанып турмай адаттары бар. Анан ар кайсы шылтоону айтып, кур дегенде куурдак жемейин кетпейт. Баса, бул министрликте иштегендер четинен обон чыгарат. Чыгарганда да кекиртегинен чыгарат. Канча барсаң бүтпөгөн кагазыңды алып, кекиртегин сыдырып өткөндө укмуштуудай обон чыгат. Анан өзүңдөн сурай баштайт обонум койлук бекен, тайлык бекен деп.

Жармастандын Баш увазиринин жаалы катуу. Элге пайда-батасы анча тийбеген бул министрликти кыскартыш керек деп чыкты. Министрликтин чиновниктери бул сөздөн безге сайгандай катуу чочуп “бизди мүлжүгөн жатыптыр” деп чуулдап жатышат. Анткени, “кыскартуу” деген сөздү бул министрликте иштегендер – майлуу, эттүү колтойгон жиликти мүлжүү деп түшүнүшөт.

Анан калса булардын мүлжүнүп кетишин Сайказан жармачалары да каалап тургандай. Жармачы Ырысыбар Онбеков: -Силер эмнени билесиңер. Эшек экспорттогонду билесиңер! Жармастандын төрт-түлүгү турса сырттан буйволдун этин ташып келгенди билесиңер. Андан көрө эл өндүргөн айыл чарба продукцияларын сыртка чыгарсаңар боло! Ой, ошол буйволуңардын эти, мен өткөн жумада жеп келген Өгүзбай акемин өгүзүнүн сүрүнөн даамдуу дейсиңерби?!”,- деп Айыл чарба министрлигинин өкүлүн катуу каарыды.

Ошентип, Жармастанга анчалык жарыгы тийбеген Айыл чарба министрлиги мүлжүнүп кеткен турат окшойт. Аныгында буга кейиген деле жан жок.

Пикир

Оставить комментарий