• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жармастан: Эми ишке эмне минип барабыз?

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастан рубрикасынын Жомок Кекешов деген Сайказанчы каарманы бар. Бул бетине беш кабат жарма шыбанган эргулду жакшы эле айланып өтүп жазбайын дейсиң, түк болбойт да. Берениң бирдемени “балп” эттирип турбаса башы ооруйт. Анын баш оорусу жугуштуу. Анан элдин башы ооруй баштайт.

“Иштеп шаарына айылдан келген унааларды киргизбей, ат чабым жерге кубалап салыш керек. Абаны ошолор булгап жатат. Ал эми Иштептин жашоочуларынын унааларынан салыкты очойто алыш керек. Ошондо айлалары кеткенде сатып жиберишип унаанын саны азаят. Жанагы ишкерлердин башы иштебейт. Иштесе ыштаган чаначка толтуруп, таза аба сатышса бат эле байып кетишмек. Бах, кымыз жыттанып, ышталган чаначтагы абанын жыты кандай сонун! Сайказан жармачыларынын ден соолугу үчүн андай абаны бекер таратышсын. А элге эмне?! Унаасы жок эле жүрө беришсе деле болот”,-деди ал кечээки Сайказан жыйынында.

Жармастандын элине жармачы Жомок Кекешовдун бул “жомогу” катуу тийди. “Экология маселеси бар, бирок элди жөө жүргүлө деген эмнеси? Же жумушка жармачы Жомок Кекешовду минип барабызбы?”,- деген сөздөр Фейсбуктан жамгырдай эле жаап жатат.

Баса бүгүн Жомок Кекешов элге үлгү көрсөтөйүн деп, эки орунду велосипеддин алдына жармачысын отургузуп, өзү артында чайпалып келатса, жумуштан кечиккен бирөө көрүп калып, жонуна секирип мине калмакчы болгон экен, Сайказандын имаратына кире качып жаны калыптыр.

Пикир

Оставить комментарий