• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жармастан: Кащей кармалды

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастандын Каша деген ажосу бар эле. Өз аты башка болчу, бирок мамлекеттин бардык ишин астын-үстүн кылып салгандыгы үчүн эл адагенде “кашасын” чыгарды деп жүрүшүп кийин, биротоло Каша атка кондурушкан.

О-уу, бу Кашанын заманында чиновниктер толгон тамактын ичинен жалаң эле майлуу каша жеп калышкан. Кашанын да түрү көп болчу. “Пара каша”, “майлуу каша” деген түрлөрүн бир гана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандар жешчү. Болгондо да ачык жегенден эч качан тартынышчу эмес. Атүгүл жаңы эле жеген кашалары уурттарында канчалык жабышып жүрсө, ошончолук барктуу эле...Кээ бирлери жалаң гана каша жей турганын билдирип, чекесине былжырата шыбап алышчу. Бул чиновникке иши түшкөн ким гана болбосун, “каша алып жеңиз”,- деп пара сунмайын маселеси чечилбей турганын жакшы билишчү.

Буларың жеген кашалары майлуу болсун үчүн ар түрдүү кошулмаларды кочуштап туруп уруп салышчу. ЖЭБ, Тарых музейи, Ипподром өңдүү обьектилерди, атургай Батукайдын калтырып кеткен өтүгүн чулгоосу менен кошо майлуу кашаларына аралаштырып ашап коюшкан экен, кийин бир тобу сиңире албай кыйналганда, атайын кызматтар “Клизмология” аталган ооруканага жаткырып дарылап жатышат. Байкуштар ал жактан качан чыгышат айтыш кыйын. Сыягы жеген майлуу кашаларын толук кусуп бүткөндө чыгарышат окшойт.

Анан аларга майлуу каша жегенди үйрөткөндүгү үчүн Кашанын өзүн суракка чакырышкан. Каша барбады. Барса эле тигилерге окшоп кустурабы деди окшойт, Ой-Таш деген жерге кашадан дубал урдуруп, ар жагына ак сарай салдырып, анысынан чыкпай жатып алган.

Тиешелүү күч структуралары “чакырса келбеген немени желкеден алып сүйрөп келели” дешип барышса, Кашанын буканын этин кошуп жасаткан кашасын жеп, көңүлү жай отурган бир катар тарапташтары таш ала чуркап, беркилери резина ок атып, анын айынан бирине таш, бирине резина ок тийип эки жактан жабыркагандар көп болду, бир киши каза тапты.

Кашаны эртеси кармашты. Милициянын Урсам Асынасын деген генералы бар экен, түз эле кирип барып, 7 килдик муштумун көрсөтүп: “Ушуну менен бир урсам күнүң бүтөт, а дүйнө кетесиң. Анткени сен өлбөс Кащей эмессиң...Биз билген эле Кашасың”, -деди эле, “Урсам деп аты да коркунучтуу экен, урса уруп жиберет” дегенди ойлоп колго түшүп берген.

Ошону менен Каша камакта. Генерал Урсам Асынасын Кашаны жөн камабай, машинага түшкөндөн кийин чыканак менен капталга нукуп койгон экен, ал дароо уйкуга кетиптир. Ошол боюнча колтуктап барып бир жак бетинде тозоктун оту алоолонгон, бир жак бетинде перинин кыздары суу алган бейиш булагы бар комнатага жаткырып коюп, өзү жарымы ак, жарымы кара халат кийип, белине чейин түшкөн сакал тагынып, колуна жалаң 150чү мык урулган чокмор алып, Кашаны ойготуп суракка алыптыр.

Көзүн ачып, бир күйгөн тозокту, бир пери кыздары жүргөн бейишти, бир колуна чокмор алып өзүн карап турган Үңкүр-Маңкирди карап аң-таң калган Каша, башка дүйнөгө барып калган окшойм дегенби, айтор эмне сураса ошого шакылдатып жооп бере баштаптыр...

Эмнелерди айтканын жакында билебиз да.

Пикир

Оставить комментарий