• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жармастан: Каскадроптун коронавирус менен кармашканы

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Хасан Каскадроп деген акын бар эле. “Касаба”, “Калас” гезиттеринде, айтор акын Шайламай Күйшеев кайда барса аны ээрчип ошол жерде жүрчү. Кийин Шайламай акын “Хазаттыкка” иштеп кетип, артынан издеп барса, эшиктин алдындагы кароолчусу киргизбей коюптур. Ошого таарынып “Баягы Касаба” гезитине баса берген. Ал жерде Бирбайке (Төлөбөгөн Арыкеев) деген чоң сатирик бар эле экөө дос болчу. Көп өтпөй “Баягы Касаба” гезити да жабылып калып, булардын баркын билген киши жок Бирбайке менен Каскадроп катуу кор болушту. Редакторлор сатирага караганда саңырсыган саясатты жазгандарга ык коюп, экөө сыртка сүрүлүп калышты. Ошондо Каскадроп учуучу таягын минип, Күн Чыгышты бет алып жүрүп кеткен. Кантеңирдин чокусуна эки түнөп, андан ары Кашкарга барып, кашкарлыктан катын алып, үй-жай күтүп, эки эркек балалуу болгон. Бир баласы жер өрттөгөн тентек чыгып, анысына тажагандан Таскадроп, экинчиси жети жашында жетимиш тил билгендиктен, мунусуна Башкадроп деген ат коюп, тынч жашоого өткөн. Бир күнү “Кечки Хазаттыктан” “ Жармастанга коронавирус келди” дегенди угуп катуу кейиди.

Кашкарда жатып кеп угуп,

Кайдан келген бир оору,

Жармастанга жабылып,

Каптап кетти деп угуп.

Кабырга сөөгү сөгүлүп,

Кабаттап жашы төгүлүп,

Кандай болуп кетти деп,

Катыны билбес тил менен,

Кайта-кайта сөгүнүп.

Каскадроп бечара,

Баягы,

Катар коюп атканда,

“Катюша” огу жетпеген.

Калабалуу таягын,

Каткан жерден алды дейт,

Катыра камчы салды дейт.

Бурутум эмне болду деп,

Булуттуу көктүн астынан,

Муунду чөптүн үстүнөн,

Буркурап учуп калды дейт.

Катылып жаткан канча жыл,

Кашайгырдын таягы,

Буулуккандай болуптур,

Каскадроп курусун,

Карбаластап шашкандан,

Катуу чаап коюптур.

Алып учуп түгөттү,

АТШга кирип кетээрде,

Алты жүз кабат бир үйүн,

Аңтара коюп өтөөрдө,

Араң оозун тартыптыр,

Ала-Тоого кайтыптыр.

...Таяктын оозун чойду дейт,

Талыкпаган эргулуң,

Бир айланып үстүнөн,

Иштепке келип конду дейт.

Коронавирус каапырың,

Кылкылдаган Жутайды,

Кырып ийе жаздаптыр,

Итаалы деген байкуш эл,

Итинен өйдө улутуп,

Уруп ийе жаздаптыр.

Ыспания, Кермандын,

Желкесине миниптир,

Адамын койбой көчөгө,

Айдап үйгө кириптир.

Эсепсиз кыргын кылыптыр,

Эчендин башын жулуптур.

Иштепке келип кырданып,

Өңүн бузуп сурданып,

Кандай кылып ийсем деп,

Оң бөйрөгүн таянып,

Ойлонуп бир аз туруптур.

...Ары-бери басыптыр,

Аябай каарын чачыптыр,

Иштептин эли канетсин,

Каш кайтараар алы жок,

Үшкүрүнүп баарысы,

Үйүнө кире качыптыр.

Коронавирус – өзүнүн,

Токсон дары сайсаң да,

Тоготпосун билчү экен,

Бирок,

Алты чанач кымызды,

Алеки саатта жайлаган,

Жалдуу бээден сойдуруп,

Жалаң казы чайнаган,

Илебине нан бышып,

Иммунитети кайнаган.

Колундагы таягы,

Жер үстүнө таштаса,

Жердин алдын көрүүчү,

Жан алгыч далай микроб

Жакындатса өлүүчү,

Каскадроп жолукса,

Кашайта көзүм оёт деп,

Катуу коркуп жүрчү экен.

Каскадроп берениң,

Коронавирус каапырды,

Кармачу жерден кармады,

Асмандан түшүп топ этип,

Алдынан чыга калганы.

Уюлу койдун башындай,

Салмагы сайдын ташындай,

Учканда минчү таягын,

Оңдой кармап колго алып,

Коронавирус сенби деп,

Коркутасың элди деп,

Чогоол неме токтобой,

Чокудан ары салганы.

Жыйырма төрт экен мүйүзү,

Жыгып алып жулду дейт...

Алты айлантып башынан,

Алпарып ташка урду дейт.

...Каскадроп кырааның,

Энтиктирип ошону,

Эптегени жатканда.

Таягы менен күйгүзүп,

Өрттөгөнү жатканда,

...Өзгөчө абал айынан,

Үйүнөн чыкпай кор болгон.

Каяктан башты жазсам деп,

Кайдагы ишти ойлонгон.

Кадимки досу Бирбайке,

Капталдан чыга барганы.

Каскадроп кашайгыр,

Коронавирусту унутуп,

Аңкайып оозу ачылып,

Аны карап калганы.

...Колу бошой калганда,

Коронавирус култ койду,

Эки элидей тешикке.

Кире качып жылт койду.

...Коронавирусту качырып ийип арманда калган Каскадроп канча жылдан бери көрүшпөгөн Бирбайкени көздөй кучагын жая басты эле, ал ары качты. Алыстан туруп алып, качкан жайын айтты. Көрсө коронавирустун айынан кучакташып көрүшмөк түгүл, кол алышып учурашканга да болбой калыптыр. Буга Каскадроп капа болгону менен Бирбайкени көргөнүнө кубанды. Экөө эки метр алыс туруп алышып, ал-жай сурашып атканда коронавирус кире качкан жеринен жылып чыгып, аксаңдай басып качып жөнөдү. Каскадроп таягын алып, айкырык салып артынан кетти. Бирбайке комендаттык саат бүтө электе жетейин деп үйүнө кетти...Сыягы, сыйкырдуу таягы бар Каскадроп коронавирустун түбүнө жеткени калды окшойт.

Пикир

Оставить комментарий