• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жармастан: Колдошбаев каралавирустун айласын таптыбы?

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн

Коңшу Жутайдан каралавирус чыгыптыр дегенди уккандан бери Сайказан жармачысы Алчыбек Колдошбаевдин санаасы тынч эмес. Өзү Жутайга чектеш Төө башы районунан болгондуктан, кашайган каралавирус аркы кырдан ашып түшө калабы деп чочулап, бир топтон бери айлына да каттабай калган. Атүгүл эттүү кесме ичкенден да коркуп, өңүнөн азып, шылына түштү бечара.

Ошентип, жармачы Алчыбек Колдошбаев каралавирустан кантип сактанам деп карайлап жүргөндө Сайказан жыйынына Жармастандын Бээ-төө, уй-бука, эчки-теке министринин орунбасары Жаныташ Келиналиев келип калбаспы.

Ушу Келиналиевден башка ким билмек эле деген Алчыбек Колдошбаев үстү-үстүнө суроо жаадырды:

- Каралавирустун өңү кандай? Көчөдөн тааныса болобу? Бою, узунбу, кыскабы?

Орунбасар министр Жаныташ Келиналиев тамашалап жатабы деп ойлоп:

-Бою үч метр, чекесинде жалгыз көзү бар, анан эттүү кесмеге өч, - дей салбайбы.

Өң алеттен кеткен Алчыбек Колдошбаев акыркы суроосун узатты:

-Ал жаныма келбеш үчүн эмне кылышым керек?

-Төө башы районунун балынан бетиңизге шыбанып, солидолдон тамандан баштап колтугуңузга чейин былчылдата сүйкөп, үч маал бир баш чеснокту бүт жесеңиз, сизге каралавирус караанын да көрсөтпөйт.

Алчыбек Колдошбаев кийинки күнү орун басар министр кандай айтса ошондой жасап алып жумушуна барды эле каралавирус тургай кара чечекей коллегалары да жанына жолобой, караанын көрсөтпөй качып жоголушту...Муну байкаган Колдошев шердене түшүп, каралавирус менен жалгыз кармашчудан бетер солидол шыбалган жүндүү көкүрөгүн дагдайта ачып таштап, Сайказандын ичинде ары-бери басып жүрдү...

Пикир

Оставить комментарий