• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ЖАРМАСТАН: Кошомат кылабыз деп кокуй болушту

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшош болушу мүмкүн.

Кошоматчы деген бир журт бар... Булар көбүнчө Ак үй, Көк үй же кайсы бир министрликке жакын конгонду жакшы көрүшөт. Кондурбай коеюн десең тейлөө кызматын көрсөтөбүз дешип болушпайт. Өздөрү жеткен куу немелер. Кимди тейлеп жиберишти да жакшы билишет. Өзгөчө кызматы жогору адамдарды кыя өткөрүшпөйт. Машинасынын эшигин ача калышып, жолунда чуңкур болсо жата калышып, “айланайын ачендик, менин үстүмөн эле өтө бер”,- дешип лепилдеп турушат. Андайды ачендиктин кыраакы көзү байкабай койбойт. Ким эле “эмне кылып жиберейин”, - деп лепилдеп тургандарды жаман көрсүн. Анан кызматка алат.

Ошентип кошоматчы суу ичкен коондой өсө баштайт. Бирок өздөрү да кол алдындагылардан ошону талап кылып турат. Алар канчалык кошомат кылган сайын, ошончолук ырахат алат. Анткени алар үчүн бу жашоодо кошоматтан өткөн жыргал жок.

Жакында Машийне министрлигинде чоң чуу болду. Кайсы бир кошоматчы Жармастандын Аш баканы Токудук шаарын көздөй өтөт деп кулагы чалып калбайбы. Муну уккан Машийне министрлигиндеги кошоматчылар коалициясы катуу дүрбөйт. Кантип болсо да Аш бакандын көзүнө бир көрүнүп калууну көздөгөн берендер, адегенде чоң жолдун таманындагы оюлган чуңкурларга өздөрү барып жатып көрүшүптүр. Кебетеси Аш бакандын машинасы үстүбүздөн жылуу-жумшак өтсүн дешсе керек. Бирок жалаң кошомат кылып жүрүп семирип кеткен немелер, локуюп чуңкурларга батпай коюшат.

Акыры ал чуңкурларга ысык асфальттан алып келип толтуруп, таптап жиберели, Аш бакан мемиреген бойдон өтүп баратып жол жээгинде кол булгалап турган бизди көрүп калышы ажеп эмес деген чечимге келишет. Ошентишет. Анысын көрүп калгандар видеого тартып алып, интернетке чыгарып ийиптир. Муну уккан Аш бакан бүгүн “Машийне” министрлигинин кошоматчылар коалициясын катуу сынга алды. Атургай бешөөнү иштен айдатып, бир нечесине эскертүү, сөгүштүн тандап туруп катуусун жарыялады.

Ал эми кызматтан бошогон бешөө “кошоматчылыктын курсун кайра бир окубасак болбойт экен”, - деп жатышыптыр. Анын үстүнө Машийне министрлигине жакын тиккен үйлөрүн көчүрүп кетпегенине караганда, курсту аяктагандан кийин кайра эле кызматка келебиз деген ойлору бардай...

Пикир

Оставить комментарий