• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жармастан: Министр Өнөрбек Атасыбатыров Сайказанга салынабы?

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган. Кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жакындан бери Жармастандын Саламаттыкты оңдоо министри Өнөрбек Атасыбатыровдун өзүн “ремонттоо” керек деген сөздөр көбөйдү. Сөз Жармастандын Сайказанынан чыкты. Жалаң Сайказан жармачыларынан түзүлгөн комиссия атайы барып быкыйын чукуп көрүшсө, министр Атасыбатыров ишинде анчалык деле “баатырлык” кылбаптыр. Эргулуң эң биринчи мамлекеттик кызматта эгерим иштебегенине карабай, 166,5 миң сомду “иштедим” деп туруп жутуп койгон экен, анысын кайра кусуп бериптир. Эки жылдын ичинде 49 кызматкерди чилдей таратып, алардын ордуна “Ремонт - деген ремонт! Оңдоо деген оңдоо! Аны элдин баары жасай алат”,- деп, сантехник, шыбакчы, кыш кыноочу сыяктууларды деле саламаттыкты оңдоо жагына салып коюптур.

Муну уккан Сайказанчылардын кыжыры кайноодо. Өнөрбек Атасыбатыровду Сайказандагы шакылдап кайнап жаткан ысык жармага бир салып алабыз деп турушат. Сыртынан “ысык жармаңардан коркпойм” демиш болгону менен Саламаттыкты оңдоо министри Өнөрбек Атасыбатыров катуу чочуп жүрөт. Сайказанга түшсө сайда саны табылбай каларын жакшы билет. Сайказан жама-аан... Калп эле “бетиндеги жармасы беш эли болуп кетиптир” дешип, жаман көрүмүш болушкандыктары менен, баары жармачылардан коркуп турушат. Жазып-тайып Сайказанга салып жиберишсе ишиңдин бүткөнү.

Бирок, министр Өнөрбектин атасы чыны менен эле баатыр болгон окшойт, “оңой эле Сайказаныңарга түшүп бербейм”,- деп чыкты. “Дары-дармектерди сатууга лицензия берүүнү жөнгө салдым. Эми аптекалардын ишин иреттеп жиберейин десем, жармачылардын ичи күйүп атпайбы. Анан дагы инвестиция таап келип килейген оорукананы бүтүргөн жатам. Мени Сайказанга салганга кантип колуңар барат”, - деп асман-айга түйүлүүдө. Буга караганда Сайказан жармачылары министр Өнөрбек Атасыбатыровду Сайказанга салалбай, ысык жармага түшкөн байкуштун бакырган үнүн угалбай , арманда калчудай болуп турат.

Пикир

Оставить комментарий