• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жармастан: Жармачы Онушбаев Бээ-Ашууда калып...

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Сайказан жармачысы Тынчбала Онушбаев бүгүн жармачылардын эсин чыгарды. Мурда “Бээ-Ашуу деген жерде тыгында калдым, оң жагым машина, сол жагым машина, секирейин десем асканын алды машина, үстү да машина, жол тазалаганга техника, киши жибергиле”,-деп ыйлактап жармачы коллегасы Айтатбат Азаровго телефон чалган. Анысы болсо “Жармачы тыгында калат деген эмнеси?”,-деп кечээ Сайказан жыйынында айтып чыккан болчу. Бирок атына жараша автоматтай батырата айтып салып, сөздөрүн эч ким деле түшүнгөн эмес. Түшүнбөгөндөн кийин маани деле берилбей калган.

Бүгүн жармачы Тынчбала Онушбаев Сайказан жыйынына өзү келген экен, аны көрүп берки жармачылардын жүрөктөрү түшүп кала жаздады. Баягы жармачылардын салты боюнча бетине шыбап алган, беш кабат жарманын үч кабаты сууктан сыйрылып түшүп, калган эки кабаты жарылып кетиптир дейт. Ошону менен бүгүн Сайказан жармачысынын бетиндеги каткан жарманы сыйрылганга чейин жеткиргендиги, Бээ-Ашуудагы карды өз учурунда тазалаганга жетиштүү техника бөлбөй, кычыраган кышта ач-бел, куу жондо тыгын жараткандыгы үчүн Жармастандын жол министринин жонунан кайыш алышат окшоп калды. Анысы болсо жонун даярдап жолдо келатат дейт... А жармачылардын жаасы катуу...Не болуп кетер экен я?!

Пикир

Оставить комментарий