• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жармастан: Жегени бука…нерви жука

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган. Кокустан окшош болушу мүмкүн.

Журналисттер Жармастандын экс-ажосунун аты-жөнүн убара болуп толук жазып отурбай эле КАША деп коюшчу. Кызыгы, бул ат анын өзүнө дагы жагып кың дечү эмес. Кызыктын баары ал ажолуктан кеткенден кийин башталды. Башталбайт деле болчу. Өзү Сайказанжармачыларын “чимкириктер” деп салып, чыр ошондон ырбады. “Күндө бир маал жүзүбүзгө жарма шыбанып, күзгүгө каранып жакшынакай эле жүрсөк “чимкирик” деген эмнеси” дешип жармачылар катуу ызылдашты. Анан “мунун аты КАША турбайбы, “кашасына” эмне кошуп жеди экен, ошону текшериш керек дешип, кол тийбестигин кокуйлатып туруп алып коюшкан.

Ошондон бери КАШАнын уйкусу тынч эмес. Анын үстүнө Башкы быркырор КАШАнын көп ишти таза эле “каша” кылып жибергендигин айтып чыкты.

О-уу, ушул КАША бала кезинен кекчил өстү. Бир жолу ойноп жүрсө учуп бараткан карга башына чычып кетип, ошондон тарта ал карганы короосуна жолотпой таш менен зыркыратып уруп турганды жакшы көчү. Карга да кекчил келет. Каркылдап жүрүп бери болгондо 150 жыл жашайт каапырың. О, кийин ошол карга 94түн богун чокуп коюп, Ак сарайдын тушунан учуп баратса, а кезде оппозий тонун жамынып оолугуп жүрчү КАША бир топторунун коштоосунда айкырып чыга калбайбы. Баягы бала кезинде таш менен зыркырата урганы эсине түшкөн 94төгү карга, мээлеп туруп берип калганда КАШАнын кыйшайта кийчү шляпасы балжа-булжа эле боло түшкөн.

Жармастандыктар ырымчыл эл. “Башына куш кошконду хан шайлачу эле, башыңызга карга чычып кетти, бу дагы оңой эмес”,- дешип хан шайлап алышкан. Ошону менен КАША 6 жыл хандык дооран сүрдү. Ашаганын ашады, жасаганын жасады. Кээде өзү айткандай “балп” этип салганда, Жармастандын кадыры жерге “талп” эле дей түштү.

Ажолук мөөнөтү бүтүп Ак сарайдан Карашан деген айылдагы кастарлап салган үйүнө көчкөн КАШАнын убалына баягы эле кашайган карга калды. Эки-үч карга менен өзүнүн 100 жылдыгын белгилеп, эки бутакта тойлоп отурса, КАША Карашандагы аяк-башы ат чабым короосунда сейилдеп жүрүптүр дейт. Эзелки кеги бар кайран карга түз эле чабуулга өтүп, калдактап качырып калганда КАША да тааный коюп, үйүн көздөй качыптыр. Дал үйүнө кире бериште атып калган экен, атканы мелжеген жерине тийбей шымына барып балч этиптир. Аны көргөн карга аябай кейип:

Атаңдын көрү карылык,

Атып калдым жаңылып.

Кайран “огум” түз тийбей,

Шымына тийди жабылып...деп каркылдап алып учуп кетиптир.

КАША ошону менен азапка калды. Шымын канчалык жуудурбасын жыты кетпей, атүгүл айлана-тегерекке тарап, ыңгайсыз абалга калтырууда. Анын мындай абалда калганына боору ооруган айрымдар ал-жайын сурап келе беришип КАШАнын үйүнө толуп кетишти. Ага жетине албаган КАША эки бука сойгон. Буканын эти жел болот. Аны жегендер букача жер чапчып, сүзүшкүсү эле келип калат. Муну байкаган КАША аларды баштап алып, сүзүшчүлөр болсо байкашып көрөйүн деп, Корум деген жайга келсе, эч ким деле астынан чыккан жок. Кыйкырып-кыйкырып алып кетип калган.

Жармастандыктар чыдамкай эл...КАШАга теңелбей, аны ээрчигендер кечке эле буканын этин жей бермек беле, кой-козу, жал-жая жесе анчалыкка барышпас деп күтүп калышты...Аны сезген КАША катуу кыйналууда. Кочкор союп берейин десе, баарына жетпейт...Кайра эле бука сойсо, андагылар букадан башка мал көрдүң беле деген турушат...Ошентип, КАШАнын иши кыйы-ын азыр..Кантип кетээр экен...

Темирбек Алымбеков

Пикир

Оставить комментарий