• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖАРМАСТАН: Жол жоголду көрдүңөрбү?

Жармастан 0

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган, кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Адегенде ангигидоттон баштайлы. Бир Жармастандык аркы Казанстандагы досуна конокко барыптыр. Барса үйү укмуш дейт. Анан “бул үйдү кантип салдын?”,- деп сураптыр. Анда досу шаарды ортосуна салынган, кенен-чонон жолду көрсөтүптүр.

-Ушул жолду мен салдырдым. Анан 1,5 см асфалтын кемирээк төшөтүп, анын акчасына ушул үйдү курдум дейт...Жармастандык ойлонуп калат.

Кийинки жылы Казанстандык досу Жармастандык досуна конокко келет. Келсе досу Хан сарайда жашап жатыптыр дейт. Оозу ачылган казанстандык “Ой, муну кантип салдың?”,-дептир. Десе, Жармастандык досу ээн жаткан жолду көрсөтөт:

-Тээтиги жолду көрдүңбү?

- Кайсы жол? Талаа го мунуң?!

-Ии, ошо жерге чоң жол түшмөк...

-Анан?

-Анан ал жолдун ордуна бул үйдү салынды...дептир.

Анын сыңарындай Жармастандын башкы көйгөйү жолдор...Жыл сайын бюджеттен олчойгон каражат бөлүнүп, жолдор салынат. Бирок үстүнөнбү, астынанбы айтор, кемитип коюшат окшойт, көп учурда бир жылга жетпей жыртыла баштайт. Анан жыртык жамамайга деп дагы акча бөлүнөт.

Өткөндө Жармастандын бакандай эки министрлиги жакалашып кете жаздады. Аткен облусунун былтыр салынган жолу, бир жылга жетпей салынган жеринен чөгүп кетип табылбай калды. БКС (Бөөдө кырсыктан сактоо) министрлиги адегенде “Жол жоголду көрдүңөрбү” акциясын өткөрүп, андан майнап чыкпай , акыры авчарка менен издетип жатып араң таап, “10 метр ылдый түшүп кетиптир, кулагы эле чыгып калыптыр”,- деген маалымат таратты эле, буга Жармастандын “Машийне” министрлиги катуу чычалады. Көрсө 3,5,10 см дегендердин кадырын билген бул министрлик 10 метр десе эстен танып кала жаздаптыр. Анан эсин жыя калып БКС министрлигинин жакасына жармаша калган себеби да бар окшойт.

Ошону менен ал жолду кайра жасамай болушту. “Машийне” министрлигинин айтымында алдынан, капталынан, үстүнөн, бөйрөгүнөн, боорунан, ичегисинен эриген кардын суусу кирип, жол анча-мынча чөгүмүш болуптур...Канча сантиметр чөккөнүн айтышкан жок...Кебетеси айтылбай турган жашырын сыр окшойт...Эң башкысы эч качан 10 метр чөккөн жок деп жатышат...Бу “Машийне” министрлиги эмне эле сантиметр, метр дегендерге жабыша калып атат, ушул жагы ойго салууда.

Пикир

Оставить комментарий