• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

«Жарнак жɵнүндɵ» КР Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 27.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «Жарнак жɵнүндɵ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам технологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу жарнак чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү жана калктын алкоголду керектөө деңгээлин төмөндөтүү максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Жарнак жɵнүндɵ» Мыйзамга тɵмɵндɵгү ɵзгɵртүүлɵр киргизилген:

- Мыйзамдын 2-беренеси (түшүнүктөр аппараты) “мониторинг” түшүнүгү менен толукталган, ага ылайык:

“мониторинг – коомдук жерлерде, басылмаларда, радиодо жана телекөрсөтүүдө жайгаштырылуучу жарнак материалдарына байкоо жүргүзүү, аларды чогултуу, талдоо жана иштеп чыгуу тутуму. Мониторинг фото- жана көрмөбайкоо аркылуу жүргүзүлөт, текшерүү болуп саналбайт жана ушул Мыйзамдын талаптарын бузууларды табууга багытталган”;

- Мыйзамдын 5-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-абзацына тактоо иретинде толуктоо киргизилген;

- Мыйзам чыгаруу техникасына ылайык келтирүү максатында, Мыйзамдын 14-беренесинин 1-2-бөлүктөрүндөгү, 16-беренесинин 4-бөлүгүндөгү, 27-беренесинин 2-3- бөлүктөрүндөгү “пункттарында”, “пунктунда”, “пунктун” деген сөздөр “бөлүктөрүндө”, “бөлүгүндө” жана “бөлүгүн” деген сөздөргө алмаштырылган;

- Мыйзамдын 16-беренесинин 1-бөлүгүнө киргизилген толуктоого ылайык «Интернет» маалыматтык-телекоммуникациялык тармакта алкоголдук ичимдиктердин жарнагына тыюу салынат;

- Мыйзамдын 26-беренеси менен жөнгө салынган жарнак жагындагы мамлекеттик контроль боюнча монополияга каршы республикалык органдын ыйгарым укуктары жарнак материалдарын мониторинг жүргүзүү укугу менен толукталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий