• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Жарнак жөнүндө" мыйзамга түзөтүүлөр киргизилип, "Жарнама" мыйзамы болуп өзгөртүлөт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин жыйынында “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 1-окууда каралды. Аталган маселе боюнча КР Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров баяндама жасады.

Мыйзам долбоорунун концепциясы жарнама ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны жакшыртууга, кылка чечмелөөлөрдү жоюуга жана «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү, алкоголдук продукцияны, сергитүүчү алкоголсуз жана алкоголу аз ичимдиктерди чекене сатууну жана керектөөнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө», «Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө», «Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» мыйзамдарга шайкеш келтирүүгө багытталган.

Жыйынга чакырылган КР Өкмөтүнө караштуу Терминология комиссиясынын төрагасы, тилчи-адис Сыртбай Мусаев өз маалында жарнак деген сөз туура эмес кирип калгандыгын, анын ордуна Экономика министрлиги тарабынан сунушталган жарнама деген сөз туура экендигин бир катар жүйөөлөр менен чечмелеп, далилдеп берди.

Депутат Алмазбек Токторов интернет айдыӊында алкаголдук продукцияларды жарнамалоого тыюу салуу боюнча укуктук-ченемдик актыларды өзгөртүү жаатында жетиштүү деӊгээлде аракеттер көрүлбөй жаткандыгын сынга алды.

Мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий