• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жарнама боюнча мыйзам бузуулар монополияга каршы орган тарабынан жөнгө салынат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.05.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште тил боюнча мыйзамдардын аткарылышын жөнгө салуу максатында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, КР Бузуулар жөнүндө кодексине, «Жарнак жөнүндө» мыйзамга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечилер – депутаттар тобу.

Демилгечилердин бири Эмил Токтошовдун айтымында, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексте тил мыйзамдарынын ченемдерин бузган же аткарбаган жактардын жоопкерчилиги каралбай калган. “Ошондон улам, Кодекстин 64-беренесине тил жөнүндө мыйзамдарда каралган ченемдерди бузган жана аткарбаган жарандарга, кызмат адамдарына жана юридикалык жактарга администрациялык айып салуу тууралуу ченемдерди киргизүү сунушталууда”, - дейт ал.

Ошондой эле, «Жарнама жөнүндө» мыйзамга ылайык, жарнамалар мамлекеттик жана расмий тилдерде жайылтылат. Ал эми жарнама боюнча мыйзам бузуулар монополияга каршы орган тарабынан жөнгө салынат. Бирок, жарнаманын мазмунун кароо аталган органдын компетенциясына кирбегендиктен, жарнамалар башаламан, тил ченемдери сакталбаган боюнча жайгаштырылып келген. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Сунушталган ченемге ылайык, шаардагы, айылдагы калк конуштарда мазмуну боюнча адабий тилдин ченемдери (алфавит жана орфография эрежелери) сакталбаган жарнамаларды жайгаштыруу –жарандарга жана юридикалык жактарга администрациялык айып салууга алып келери көрсөтүлүүдө. Аны Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 316-беренесине киргизүү сунушталууда.

Белгилей кетсек, Улуттук тил комиссиясынын башчысы Назаркул Ишекеевдин айтымында, адегенде мыйзам бузган жактарга эскертүү берилет. Ал эми жеке жактарга салынчу айыппул 1000 сом, юридикалык жактар үчүн 10000 сом өлчөмүндө каралган. Жарнактардын туура жазылышын шаарларда мэриянын алындагы мамлекеттик тил бөлүмү, элет жергесинде айыл өкмөттөрүнүн алдында түзүлгөн атайын комиссиялар көзөмөлдөйт. Эгерде жеке жана юридикалык жактар айыппулга макул болбосо, анда ал маселе сот аркылуу чечилүүгө тийиш.

Пикир

Оставить комментарий