• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жарнама мыйзамын бузган. «Эмарк Строй» курулуш компаниясына айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Жарнама тууралуу мыйзамды бузгандыгы үчүн «Эмарк Строй» курулуш компаниясына айыппул салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Билдирүүдө айтылгандай, жарнама тууралуу мыйзамга ылайык, товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жана жарнаманын башка объектилерин, чыгымдардын көрсөткүчтөрү улуттук валютада көрсөтүлүшү керек. Ошол эле учурда, компаниянын расмий веб-сайтында 1 чарчы метр батирдин баасы АКШ долларында берилген жана сомдук эквиваленти көрсөтүлгөн эмес.

“Компаниянын дарегине КР «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын бузулушун четтетүү боюнча эскертүү жөнөтүлгөн, анын алкагында жарнама продукциясынын бардык түрлөрү боюнча мындай мыйзам бузуулар жоюлууга тийиш”, - деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий