• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жарнама мыйзамын бузгандыгы үчүн эки курулуш компаниясына айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Жарнама мыйзамын бузгандыгы үчүн эки курулуш компаниясына айып салынды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «KG Group» курулуш компаниясына карата «Жарнама жөнүндө» мыйзамдын 5-беренесинин 11-бөлүгүн бузгандыгы үчүн айып салынган. Мыйзамга ылайык, товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) жана жарнаманын башка объектилерин, чыгымдардын көрсөткүчтөрү улуттук валютада көрсөтүлүшү керек. Ошол эле учурда, компаниянын расмий сайтында 1 чарчы метр батирдин баасы АКШ долларында берилген.

Мындан тышкары, компаниянын дарегине КР «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын бузулушун четтетүү боюнча эскертүү жөнөтүлгөн, анын алкагында жарнама продукциясынын бардык түрлөрү боюнча мындай мыйзам бузуулар жоюлууга тийиш.

Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан «Фундаментал-Строй» курулуш компаниясына айып салынган. Анткени компания расмий сайтына 1 чарчы метр батирдин наркын сомдук эквивалентте бербестен, АКШ долларында берген. Бул КР «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын 5-беренесинин 11-бөлүгүнө каршы келет.

Мындан тышкары, компаниянын дарегине КР «Жарнама жөнүндө» мыйзамынын бузулушун четтетүү боюнча эскертүү жөнөтүлгөн, анын алкагында жарнама продукциясынын бардык түрлөрү боюнча мындай мыйзам бузуулар жоюлууга тийиш.

Пикир

Оставить комментарий