• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жарылуу болгон «Антошка» тез татым жайынын ижарачысы кармалды – милиция

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.11.19. /Кабар/. Жарылуу болгон «Антошка» тез татым жайынын ижарачысы кармалды, - деп билдирет Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 1963-жылкы К.А., аттуу жаран Жазык кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») менен иликтенип жаткан иштин алкагында кармалган. 56 жаштагы жаран Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында иликтөө иштери уланууда, керектүү соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.

Эске салсак, кечээ, 8-ноябрда Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым жайында жарылуу болгон. Окуядан жеринде бир адам каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашкандай, учурда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда жабыркагандардын жетөө дарыланып жатат, алардын экөө жаш балдар. Жабыркагандардын үчөө амбулатордук дарыланууга коё берилген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттык сактоо министрлигине кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берген.

Пикир

Оставить комментарий