• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жарым күндө унаасынын айнегин караңгылаткан айдоочуларга 282 миң сом айып пул салынды

Коом 0

Бишкек, 22.01.19 /Кабар/. Бишкекте терезесин караңгылаткан унааларга каршы рейд өткөзүлдү. Рейдди автоинспекторлор менен Транспорт жана жол министрлиги биргеликте өткөрдү.

Бүгүн жарым күн аралыгында (саат 14:30 чейин) унаа каражаттарынын айнектерин караңгылатуу боюнча 282 миң сомго 94 протокол түзүлдү.

Автоунаанын терезелерин караңгылаткан айдоочуларды аныктоо боюнча рейд республиканын көпчүлүк аймактарында жүрүп, анын негизинде протоколдор түзүлгөн.

Эскерте кетсек, бузуулар тууралуу жаңы кодекстин күчүнө киргенге чейин унааларынын айнектерин караңгылаткандарды айыпка тартуу милдетин Ички иштер министрлиги (ИИМ) аткарып келген. Ушул жылдын 1-январынан кийин ал милдет Транспорт министрлигине өткөрүлүп берилген.

Бирок Транспорт министрлиги бул милдетти кайра ИИМге өткөрүп берүүнү сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий