• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарым коргоочу Ахлидин Исраилов Өзбекстандын биринчилигинде ойнойт

Спорт 0

Бишкек, 07.02.19. /Кабар/. Кыргызстандын футбол курамасынын оюнчусу Ахлидин Исраилов Өзбекстандагы "Андижан" клубуна кетүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан билдиришти.

Ал клубга оюнчубуз эркин агент катары барып, келишим бир жылга түзүлгөн.

Ахлидин Исраилов 5-февралда Андижанга барып, келишимге кол коюп келген.

"Учурда команда окуу-машыгууларын Ташкентте өткөрүүдө. Баардык жол-жобо бүткөндөн кийин, командага 8-февралда кошулуп машыгууну баштайм. Жаңы клубума жогорку лигада орун алуусуна жардам берип, Кыргызстандын футболчулары тууралуу жакшы элес калтырууга аракет кылам", - дейт оюнчу.

Белгилей кетсек, өткөн сезондо Андижан клубу Өзбекстандын жогорку лигасында ойноого укук алган.

Пикир

Оставить комментарий