• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жарым жылда мамлекеттик чек арадан 11 млн 600 миң киши, 863 миң 638 унаа өткөн

Коом 0

Бишкек, 16.08.19. /Кабар/. Жарым жылда мамлекеттик чек арадан 11 млн 600 миң киши, 863 миң 638 унаа өткөн. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Чек ара кызматынын маалымат боюнча, январь-июнь айларынын аралыгында мамлекеттик чек арадан 11 млн 600 миңден ашык киши, 863 миң 638 унаа өткөн.

Ошондой эле мамлекеттик чек араны бузган 86 киши кармалып, 2 миң 364 кишинин документтери жараксыз болуп, 757 кишини депортацияланган.

Пикир

Оставить комментарий