• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жарым жылда Өкмөттүн аппаратына 3088 кайрылуу келип түшкөн

Өкмөт 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. 2019-жылдын 1-жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 3088 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинде 2454 кат түрүндө.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жарандардан кайрылуулар бир нече байланыш каналдары аркылуу келип түшөт, анын ичинде:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан – 381 (15,5 %);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен – 508 (20,7 %);

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасы аркылуу түшкөн жарандардын кат түрүндөгү кайрылуулары – 217 (8,8 %);

- www.gov.kg – расмий сайтындагы атайын форма жана www.kattar.kg кайрылуулардын электрондук порталы аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылуулар – 329 (13,4 %);

- башка байланыш каналдары аркылуу жиберилген кайрылуулар – 1019 (41,6 %).

Ушул мезгилде кат түрүндөгү кайрылуулардан тышкары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук кабылдамасына 53 жаран кайрылган.

Белгилей кетсек, жарандардын кайрылуулары республиканын бардык аймактарынан, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн келип түшөт. Кайрылуулар, арыздар жана сунуштардын көп бөлүгү Бишкек шаарынын тургундарынан - 899 (36,63 %) жана Чүй облусунан - 438 (17,85 %) түшкөн.

Кайрылуу ээлеринин негизги контингенти – улгайган, пенсия курагындагы жана башка социалдык корголбогон категориядагы жарандар.

Кайрылууларды көп кездешкен негизги жети тематикалык топко бөлүүгө болот. Кат түрүндөгү көпчүлүк кайрылууларда төмөнкү маселелер көтөрүлгөн:

- агро өнөр жай комплекси, дыйкан жана мал чарба, жер маселелери –227 (9,25 %);

- билим берүү жана илим маселелери - 210 (8,56 %);

- жер жана турак жай маселелери – 200 (8,15 %);

- социалдык кызматтардын иши, пенсиялар, жеңилдиктер, жөлөкпул жана материалдык жардам көрсөтүү боюнча кайрылуулар - 194 (7,91 %);

- курулуш, архитектура, турак жай-коммуналдык чарба – 120 (4,89 %);

- укук тартиби жана коопсуздук маселелери - 117 (4,77 %);

- кадрдык камсыздоо, эмгек талаштары жана айлык акы маселелери – 113 (4,60 %);

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына келип түшкөн бардык кайрылуулар мыйзамда белгиленген мөөнөттө катталат жана компетенциясы боюнча мамлекеттик органдарга кароого жиберет, бул кайрылуудагы суроолордун бардыгына жооп жөнөтүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү боюнча Жарлыгын ишке ашыруу максатында www.kattar.kg электрондук порталы жаңыланып, 2019-жылдын 1-июлунан баштап тесттик режимде иштеп жатат.

Жакынкы убактарда www.kattar.kg порталынын мобилдик версиясы иштелип чыгат жана аны ишке киргизүү жарандардын – республиканын аймактарынын жашоочуларынын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына кайрылуу мүмкүндүгүн жогорулатат.

Пикир

Оставить комментарий