• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарым жылдын ичинде 444 чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болду

Коом 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. Биринчи жарым жылдыкта 444 чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу болду. Бул тууралуу “Кабар” агеттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) төрагасы Уларбек Шаршеев билирди.

Анын айтымында, алардын ичинен 63 жолугушуу Кытайдын өкүлдөрү менен, 134 – Казакстан, 173 – Өзбекстан, 74 – Тажикстан.

Шаршеев айткандай, туруктуулукту сактоодо ар кандай чыр-чатакка дароо жеринде көңүл бурган КР аппаратынын чек ара өкүлчүлүгүнүн ролу чоң.

“Ошондой эле биз мыйзамсыз миграция, адам сатуу маселелери боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Биринчи жарым жылдыкта чек ара көзөмөл органдары тарабынан 5 миң 702 ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий