• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жарым жылдын ичинде ички иштер органдарындагы 92 кызматкер жумуштан бошотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.07.18. /Кабар/. 2018-жылдын 6 айында Ички иштер министрлиги тарабынан 3 миң 981 материал каралган. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан мыйзамдуулукту бузуу жана ички иштер органдарынын өздүк курамындагы коррупциялык көрүнүштөр боюнча 965 арыз келип түшкөн.

“Кызматтык иликтөөлөрдүн жыйынтыгында 836 кызматтык корутунду жана 3 миң 145 билдирүү даярдалган. Натыйжада кызматтык тартипти одоно бузгандыгы үчүн ички иштер органдарынын 92 кызматкери жумуштан айдалган, 77 кызматкер ээлеген кызматынан бошотулган. Ошондой эле 1 миң 166 кызматкер жазаланган”, - деди ал.

Жунушалиев 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында прокуратураларга 557 материал жиберилип, анын ичинен 45 кылмыш иши козголгонун айтты.

ИИМ башчысы белгилегендей, ички тазалоо ведомствонун негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий