• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарыштан утулган партиялар жеңилүүсүнө өздөрү күнөөлүү – эксперт

Коом 0

Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Жарыштан утулган партиялар жеңилүүсүнө өздөрү күнөөлүү, деп билдирди эксперт Бакыт Бакетаев парламенттик шайлоо тууралуу комментарий берип жатып.

Кечээ, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Шайлоого 1 млн 980 миң 240 шайлоочу келип, ал жалпы шайлоочулардын 56,2%ын түздү. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 4 партия 7%дык чектен өттү. Алар - "Биримдик" - 24,53%, "Мекеним Кыргызстан" - 23,9%, “Кыргызстан” - 8,74%, "Бүтүн Кыргызстан" - 7,09% саясий партиялары.

"Чет элдик саясат таануучулардын айтымында, биздин шайлоо башка өлкөлөргө салыштырмалуу жогорку демократиялык деңгээлде өттү. Шайлоого 16 партия катышып, сөз эркиндиги чектелген жок. Ар бири интернет айдыңында өз ой-пикирлерин билдирип жатты. Бирок эл өз тандоосун жасады. Ар бир жаран кандай добуш берүүнү өзү чечти. Эл өтпөй калган партияларды тандабаганы партиялардын өздөрүнүн күнөөсү. Алар үгүт иштерин туура жүргүзүшкөн жок. Эски ыкмаларды колдонушту - президентти, премьер-министрди жана башкаларды күнөөлөө, азыр ал актуалдуу эмес. Эл тандоо жасады жана бул алардын укугу. Албетте, №2 формага байланыштуу суроолор бар, аны жаңы парламент карап чыгышы мүмкүн. Анткени айрым партиялар №2 форма аркылуу шайлоочуларды кандайдыр бир көзөмөлдөө үчүн колдонушту, бирок ал добуштун негизги бөлүгүн түзбөйт. Тажрыйбалуу депутаттары бар партия жеңишке жетишти. 5 жыл аралыгында алар аймактарга барып, шайлоочулар менен жолугушуп, көйгөйлөрдү чечишти. Буга кошумча "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Мадумаров 2010-жылкы шайлоодо өтпөй калгандыгы үчүн элди чогулткан эмес. 2015-жылы дагы өтпөй калган, анда да элди чогулткан эмес", - дейт эксперт.

Эксперт ошондой эле учурдагы шайлоо өтпөй калган партиялар үчүн сабак экендигин белгиледи.

"Эми өтпөй калган партиялар саясий маданиятты үйрөнүшү керек. Жарыштан утулган партиялар жеңилүүсүнө өздөрү күнөөлүү. Бул өзүн оппозициямын деп эсептеген партиялар үчүн чоң сабак. Кантсе да, оппозиция - бул идеялардын жана экономикалык моделдердин, идеологиянын күрөшү. Ал бир гана сын эмес. Жаштарды эч ким билбегендиктен утулуп калышты", - деп кошумчалады эксперт.

Пикир

Оставить комментарий