• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жасалма акчаны алмаштырууга аракет кылган жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Ысык-Көл РИИБнүн нөөмөт кызматына Бостери айылында жайгашкан акча алмаштыруу жайынын кызматкери кайрылып, 8-июль күнү болжол менен саат 13:00 чамаларында болжолу 50-55 жаштагы европа улутундагы белгисиз адам 500 номиналындагы 4 даана, жалпысынан болсо 2000 евро акча каражатын алмаштыргандыгын билдирген. Акчаны алмаштырып жаткан учурда, акча каражаттары жасалма экендигин байкап калган кызматкер, ошол замат райондук милициясына билдирген. Бул тууралуу облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Аталган билдирүү боюнча, Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө жайкы туристтик мезгилде коомдук коопсуздукту сактоого тартылган мобилдик топтун кызматкерлери тарабынан көрүлгөн тез иш-аракеттердин натыйжасында жасалма акчаларды өткөрүүгө аракет кылган шектүү адам кармалды. Ал 54-жаштагы КМШнын жараны Л. Валерий болуп чыкты. Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары кармалган адамдын өздүгүн изилдөө учурунда, Чүй облустук милициясы тарабынан алдамчылык кылмышы менен издөөдө жүргөндүгү дагы аныкталган.

Жасалма акчаны өткөрүүгө аракет көргөндүгү фактысы боюнча материалдар аймактык экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына юридикалык баа берүү үчүн өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий