• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жасалма диплом. УКМК Боршайкомго Жогорку Кеңештин эки депутатынын диплому боюнча маалымдады

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жасалма дипломдорду аныктоонун алкагында Жогорку Кеңештин эки депутаты Фархат Исмаилов (“Ата-Журт Кыргызстан”) жана Фарходбек Алимжановдун (“Альянс”) диплому боюнча БШКга маалымат берди.

Белгилей кетсек, жогорку окуу жайды бүтүргөн Кыргызстандын 25 жаштан жогору жараны Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

Тапшырылган материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган менен бирдикте мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий