• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жасалма документтер: 39 тонна күйүүчү майы менен бензовоздун айдоочусу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.12.18./Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) жасалма документтери менен 39 тоннадан ашык күйүүчү майы менен бензовозду кармаган. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламедин районунун аймагында “Даф” үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Айдоочу “А.О” ЖЧКнын 39 миң 277 литр “Бензин Аи – 92” үлгүсүндөгү күйүүчү майдын тиешелүү документтерин көрсөткөн.

Ал түшүндүргөндөй күйүүчү май иш жүзүндө Токмок шаарында куюлган.

Ал эми документтер боюнча, күйүүчү май Сокулук районун Салык кызматынын башкармалыгынын “Ч.Ч.” аттуу кызматкер тарабынан текшерилип, көзөмөлдөөчү мөөрлөрү коюлган. Бирок ал кызматкер эч кандай текшерүү жасабагандыгын жана мөөрлөрдү койбогондугун белгилеген.

Ошол себептен иштин чоо-жайын далилдөө максатында унаа атайын айып жайына коюлган.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды тактоо жана укутук баа берүү үчүн тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий