• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жасалма интеллект кыргызча түшүнүп, оюн билдире баштайт - Мамтил комиссиясы жасалма интеллект долбоору тууралуу

Коом 0


Бишкек, 23.09.20. /Кабар/. Бүгүн "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Мамлекеттик тил комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жана "УлутСофт" компаниясынын жетекчиси Мирбек Окенов мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө киргизилип жаткан жасалма интеллект долбоору тууралуу айтып берди.

"Мамлекеттик тилди өнүктүрүү багытында бир топ иштер жасалып жатат. Эң соңку ишибиз - жасалма интеллект долбоору. Ал долбоорду баштаганыбызга эки жыл болуп калды. Ал төрт этаптан турат. Биринчиси - текстти үнгө айландыруу. Биринчи этап толук бүттү. Экинчиси - үндү текстке айландыруу. Ал этап ортолоп калды - жыл соңуна чейин аягына чыгат. 2023-жылга чейин үчүнчү (лингвистикалык анализ, тилди түшүнүү, кабыл алуу, өздөштүрүү) жана төртүнчү (тилдин генерация процесси, башкача айтканда, тилди түшүнүп, талдап жаратуу) этаптары аягына чыгышы керек", - деди ал.

"УлутСофт" компаниясынын жетекчиси Мирбек Океновдун айтымында, жасалма интеллект долбоорунун биринчи баскычы - текстти үнгө айландыруу тесттик режимде ишке киргизилди.

"Анын бетачарын 23-сентябрга деп белгилегенбиз. Аны Мамлекеттик тил комиссиянын сайтына жайгаштырдык. Учурда тесттик режимде иштейт. Себеби жасалма интеллектти иштетүү үчүн абдан кубаттуу компьютерлер керек. Азыркы учурда кубаттуу компьютер бар, бирок ал биз каалаган нерселердин баарын аткара албайт. Ошон үчүн биз 150 символ деп чектөө койдук. Бүгүндөн баштап кирип аны текшерүүгө болот", - деди ал.

Ал долбоордун экинчи баскычы (үндү текстке айландыруу) ишке ашырылгандан кийин журналисттердин иши жеңилдей турганын белгилеп, аны жаңы парламенттин ишинде сынап көрүү пландалып жатканын айтып өттү.

"Ал жакта кайсы депутат эмне деп сүйлөгөнү, качан сүйлөгөнүнүн баары жасалма интеллект тарабынан жазылып турат. Анын негизинде жыл аягында терең аналитикалык маалыматтарды чыгарсак болот: Жогорку Кеңеште эмнелер талкууланды, маселен, эң көп айтылган 100 сөз ж.б. Ал 100 сөздүн негизинде эле Жогорку Кеңеште эмне маселелер көтөрүлгөнү боюнча жалпы тыянак чыгарганга шарт түзүлөт. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү баскыч иш жагынан көлөмдүү болуп саналат. Өтмө мааниде айтканда биринчи баскычта ооз менен тилди, экинчисинде кулакты жасасак, үчүнчү жана төртүнчү баскычта мээни жасайбыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий