• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жасалма номер тагып жүргөндөр үчүн жаза катаалданат

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Жасалма номер тагып жүргөндөр үчүн жаза катаалданат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Ал белгилегендей, учурда жасалма, өзүнө таандык эмес номерди тагып жүргөндөргө 10 миң сом айыппул каралган. Учурда, ал жазаны катаалдаштыруу боюнча өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

"Бузуулар боюнча кодексте өзүнүн унаа каражатына таандык эмес мамлекеттик номерди тагып алгандарга 10 миң сом айыппул каралган болчу. Бүгүнкү күндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, Жогорку Кеңеште үчүнчү окуудан өттү. Ага президент кол койсо, мыйзам күчүнө киргенден баштап унаасына тиешеси жок мамлекеттик номерди алып жүргөндөр кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышы мүмкүн", - деди ал.

Алдыда мыйзам күчүнө кирип калса, ал эреже бузуу Бузуулар кодексинен Жоруктардын кодексине которулуп, жазасы 20-30 миң сомду түзөт.

Мындан улам, Сатыбалдиев жарандарды жол эрежесин сактоого чакырып өттү.

Пикир

Оставить комментарий