• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жасалма жана нукура. Балдын сапатын кантип аныктаса болот?

Дүр дүйнө 0

Дээрлик бардык дүкөндөрдүн текчелеринен ар түрдүү балдарды табууга болот. Даамына жана акчасына жараша. Өзгөчө кыш мезгилинде бал адамдын ден соолугуна абдан пайдалуу экендигин бардыгыбыз билебиз. Албетте, эгерде ал нукура бал болсо. Бирок балдын жасалма жана нукура экендигин кантип аныктоого болот? Негизи эле балдын сапатын кантип билсе болот?

-Балды жыгач менен алганда узун тартып чоюлуп үзүлгөндөн кийин жыйылып шарча болуп калса, анда балдын жакшы болгону. Же азыраак балды йод менен аралаштырганда түсү көгөрсө ал таза деп эсептелет.

-Бал менен сууну 1:5 катнашында аралаштырып, бир күн өтүп караганда туңбаса анын жакшы экендигин, тунуу пайда болсо начардыгын билдирет.

Зымды кызытып балга тийгизгенде газ чыкса таза, түтүн чыкса анда таза эмес бал. Эгер балда гүлдөрдүн жагымдуу жыты болсо ал сапаттуу болуп эсептелет. Тескерисинче, башкача бир (күйүк ж.б.) жыт чыккан болсо, аны жарабаган же болбосо ууланган бал деп эсептөөгө болот.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий