• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте жаш англис тили мугалимдери үчүн семинар өткөрүлдү

Билим 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Бишкектеги №14 орто мектептин базасында англис тили боюнча жаш мугалимдерге «Чет тили боюнча предметтик стандарт. Окуучулардын жетишкендиктерин баалоонун негизги стратегиялары» аталышта семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинар Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан өткөрүлдү.

Семинардык алкагында 80ден ашык жаш англис тили мугалимдери чет тили боюнча мамлекеттик предметтик стандарттын англис тили сабагында балдарды баалоо пункттары менен тааныштырылды. Ошондой эле, болжолдуу сабакты пландоо сунушталып, жаш мугалимдердин балдар менен иштөөдө пайда болгон суроолору талкууланды

Семинардын коногу – КР билим берүүнүн отличниги, Канададагы адам укуктары боюнча эл аралык тренингдин катышуучусу Арзыкан Шатманалиева өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, «Кантип ийгиликтүү адам болуу керек» деген темада өзүнүн презентациясын көрсөттү. Бул жаш адистердин эмгекке болгон мотивациясын жогорулатат.

Семинардын катышуучулары мектеп мугалиминин ченемдик укуктук документтери тууралуу маалымат алышты.

Пикир

Оставить комментарий