• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаш балбандар Беларустагы мелдеште 6 медаль багындырды

Спорт 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Беларуста XXVI Олимпиада оюндарында коло медалды уткан Валерий Тселентийдин элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдеш 18-20-февралда Лида шаарында өткөн.

Турнир 10 салмак категориясында өтүп, ага Россия, Молдавия, Украина жана Кыргызстандын 120 спортчусу катышты.

Бишкек шаарынын курама командасынан 6 спортчу катышып, 4 алтын, 2 коло медаль утушту:

1-орун Нурболот Бердикулов 45 кг;

1-орун Ислам Жолдошбеков 55 кг;

1-орун Разак Бейшекеев 60 кг;

1-орун Арсен Жекшенов 65 кг;

3-орун Нурислам Мияшов 80 кг;

3-орун Исмаил Гасанов 92 кг.

Пикир

Оставить комментарий