• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаш балбандар дүйнө мектептери арасында өткөн мелдеште 10 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда “Манас» эл аралык аэропортунда күрөш боюнча бүткүл дүйнөлүк мектептер арасы өткөн мелдешкте байгелүү орундарды ээлеген, Кыргызстандын 15 жашка чейинки (U 15) өспүрүмдөр курама командасын тосуп алышты.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чарага Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Нурланбек Исмаилов, күрөш федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары катышты.

Нурланбек Исмаилов жана Жаштык дирекциясынын директору Урматбек Асанбаев курама команданын машыктыруучулары Рыскулбек Эгеев жана Рустам Ушуровду, жаш балбандарды жеңиши менен куттуктап, келечекте дагы ийгиликтер болуусун каалашты.

Белгилей кетсек, мелдеш 12-14-сентябрь күндөрү Белград шаарында өттү.

Жаш балбандар жалпы 10 медаль жеңди: алтын - Салман Данияров (52 кг), Сабит Шамшидинов (57 кг), Нурболот Сыргабай уулу (85 кг). Күмүш - Билол Хуриллаев (38 кг), Ырысбек Хамдамов (41 кг), Орозбек Абдыбасыев (44 кг), Куттубек Рысматов (48 кг), Муслим Мамыров (68 кг), Бакыт Жакыпбеков (75 кг). Коло - Эржан Акылбек уулу (62 кг).

Пикир

Оставить комментарий