• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаш балбандар каржылык маселесинен улам толук курамда Дүйнө чемпионатына катыша албайт

Спорт 0

Бишкек, 29.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбандар каржылык маселесинен улам толук курамда жаштар арасындагы (U23) Дүйнө чемпионатына катыша албайт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын машыктыруучусу Руслан Маджинов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн эле эмес, буга чейин дагы ушундай маселе болуп келген.

“Грек-рим күрөшүнөн толук курам барбайт, кыздардан эки гана спортчу барат. Ал эми эркин күрөштөн алты гана балбан күчүн сынайт. Баары каржылык маселесине барып такалат. Дүйнө чемпионатына медаль ута турган, өз деңгээлин көрсөтө алган гана балбандар барат. Эртеңки күңдү ойлогон жокпуз. Өсүп келе жаткан өспүрүмдөрдү алып барып, көрүп, үйрөнүп келсин деген жок”, - дейт ал.

Маджинов кошумчалагандай, каражат жетиштүү болсо дагы спортчулар мелдешке бармак.

Эскерте кетсек, 23 жашка чейинкилер арасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча (U23) Дүйнө чемпионаты 1-7-ноябрда Сербиянын Белград шаарында өтөт. Буга чейин Кыргызстандын курамасы аныкталган болчу.

Пикир

Оставить комментарий