• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаш балбандар Казакстандагы эл аралык мелдеште 3 медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасынын мүчөлөрү Казакстанда өткөн Жаксылык Ушкемпировдун элесине арналган эл аралык мелдеште 3 медаль жеңишти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 7-9-май күндөрү Нур-Султан шаарында өттү.

82 кг чейинки салмак категориясында Бекзат Орункул уулу 1-орунду ээледи. Ал эми Аркыт Орозбеков (97 кг) жана Давран Садыков (130 кг) күмүш медаль тагынышты.

Мелдеште Казакстан, Россия, Грузия, Украина, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген 250дөн ашык спортчу күч сынашты.

Пикир

Оставить комментарий