• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаш балдардын өсүүсүн көзөмөлдөгөн күндөлүк китепче ар бир ата - эненин колунда болот

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 25-декабрдагы жыйынында Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитет “Төрөлгөндөн үч жашка чейинки балдардын өнүгүүсүн алдыга жылдыруунун базалык стандарты жана жети жашка чейинки баланын өнүгүү Күндөлүгү жөнүндөгү” маселени карады. Бул суроо депутат Аида Касымалиева тарабынан демилгеленүүдө. Анда жаш балдардын өсүүсүн көзөмөлдөгөн күндөлүк китепче ар бир ата - эненин колунда болсун деп сунушталууда. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

“Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору да экинчи, үчүнчү окууга талкууланып комитет мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгүнүн жактыруусуна ээ болду. Депутаттар А.Касымалиева менен Н.Никитенко гана каршы пикирлерин билдиришти.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча да сөз болуп, жумушчу комиссияда иштеген депутаттардын пикирлери ортого салынды. Бирок, ошол комиссиянын чыгарган жыйынтыгына министр жазуу жүзүндө жооп бериши керек деген талаптар дагы коюлгандыктан, бул маселе бир айдан кийин кайра карала турган болду.

Комитет жыйынында “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр да үчүнчү окууда каралды.

Пикир

Оставить комментарий