• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкектик окуучулар Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга жөнөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 12-июлда Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Жалын" жайкы эс алуу лагерине Биринчи май районундагы жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын кезектеги агымы, 65 балага жөнөтүлдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эс алууга жетим, жарым жетим балдар, ата-энелери мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары жиберилди.

"Райондун жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде эс алууга жолдомону бөлүштүрүү жана арыздарды кароо боюнча комиссия өткөрүлүп, биринчи агымга 65 арыз каралды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, жай мезгилинде балдардын эс алуусун, ден соолугун чыңдоо максатында Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан билим берүү уюмдарына жалпысынан 437 жолдомо бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий