• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкектеги мектептерде эрдик сабактары өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.02.22. /Кабар/. Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата борбордогу мектептерде эрдик сабактары өтүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Борбор Азиядагы дүйнө жүзүн айланып учкан биринчи учкуч, Бишкек шаардык кеңешинин экс-депутаты Союзбек Салиев Ленин районундагы №72 мектеп-гимназиясынын 6-классынын окуучуларына эрдик сабагын өткөрүп, окуучуларга ийгиликтин формуласы менен бөлүштү.

Союзбек Салиев Борбор Азияда биринчилерден болуп дүйнө жүзүн бир моторлуу учак менен айланып учкан. Ал 64 күндө дүйнөнү айланып өткөн.

"Баатырларыбыздын эрдиктери жаш муундарга шыктандырат жана жакшы үлгү берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий