• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жаш боксчулар Казакстандагы эл аралык мелдеште 8 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 15.06.21. /Кабар/. Бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 8 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчулар 8-13-июнь күндөрү Актөбе шаарында өткөн эл аралык мелдеште 3 алтын, 2 күмүш, 3 коло жеңишти.

Байге ээлеринин тизмеси:

1-орун – Бекзат Эргешов (46 кг чейин), Алмаз Орозбеков (60 кг чейин), Мухаммадазиз Закиров (70 кг чейин);
2-орун – Ислам Имамидинов (54 кг чейин), Вадим Баурин ( 66 кг чейин),
3-орун – Баястан Токтосунов ( 50 кг чейин), Бексултан Бактыбек уулу (52 кг чейин), Атай Асанбеков (75 кг чейин).

Пикир

Оставить комментарий