• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаш дзюдочулар Казакстанда өткөн турнирден ийгилик менен кайтышты

Спорт 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Жаш дзюдочулар Казакстанда өткөн Эл аралык турнирден беш медаль менен кайтышкан. Бул тууралуу дзюдо федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, турнир Алматы шаарында өтүп, беттешке Өзбекстан, Россия, Казакстан жана Тажикстандан келген спортчулар катышкан.

Биринчилик үчүн 2004-2007-жылы туулган өспүрүм балдар ат салышкан.

Кыргызстандык Денис Ткаченко аттуу дзюдочу 46 кг чейинки салмактык категориясында чемпион болду. Алмаз Шамурзаев - 55 килограммга чейинки салмак категориясында биринчиликти ээлеген. Ал эми кыргызстандык Даниэль Талантов (-60кг), Азиз Касымов (+73кг) жана Өмүрбек Кожомбердиевдер (+60кг) коло медаль тагынышкан.

Пикир

Оставить комментарий