• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жаш ишкердин ийгилик сыры: Жеңиш талыкпаган эмгек менен келет

ТАГДЫР 0

Бир эле учурда бир нече багытта ишкерлик жүргүзүп, үч жерде иштеген Данияр Абдыкадыров өзүнүн ийгилик сырлары менен бөлүштү.

- Балачагыңыз кандай өттү?

- Мен интеллигенттердин үй-бүлөсүндө туулгам. Апам мугалим болуп эмгектенип, атам дагы бийик максаттарга жеткире турган билимге басым койчу. Тагдырдан болуп, ата-энем эки башка жолго түшкөн. Карындашым экөөбүздү апам жалгыз тарбиялап өстүрдү. Ушундан улам биз кичинебизден турмуштун кыйынчылыктарын көрүп чоңойдук. Бирок мен бала кезимден эле гиперактивдүү бала болчумун. Мектептин, классымдын дээрлик бардык иш-чараларынан калчу эмесмин. 8-класстан тарта 67-мектеп гимназиясынын мектеп парламентинин мыкты активисти болуп, 9-класста Москвага акысыз сапарды утуп алгам. Ал жакта лагерде 15 мурдагы советтик өлкөнүн эң таланттуу 20 баласы чогулдук. Ушул эле жылы кастингден өтүп, мамлекеттик каналда балдар берүүсүнө алып баруучу болдум. 10-класста окуп жүргөн чагымда мектеп президенти катары шайландым. Кыргызстандын көптөгөн балдар жана жаштар уюмдарынын мүчөлүгүн алдым. 17 жашымда сынактан өтүп, белгилүү теле алып баруучу Ассоль Молдокматовадан окуп баштадым.

- Ассоль Молдокматовадан теле берүү тармагындагы чеберчиликке үйрөнүү учурунда эмнени түшүндүң?

- Жашоодогу башкы принциптерди: өзүңдүн үстүңдө тынымсыз иште, максатыңды көздөй кадам ташта, ар дайым жашоодогу принциптерди сакта – мунун баары теле жылдыз аркылуу мага сиңирилди.

- Эмне жөнүндө кыялданасыз?

- Инсан катары калыптануу, дүйнөгө саякаттоо жана бекем үй-бүлөнү түзүү, себеби эркек үчүн тыл абдан маанилүү эмеспи.

- Эмне үчүн кытай тилин тандадыңыз?

- Мектепти бүткөн соң, көп нерсеге жетишүү керек деген бүтүмгө келдим. Ошентип, татаал жана көп катмарлуу тилди тандадым. Кытай тилин ар ким эле үйрөнө албайт. Муну мен биринчи курстан соң, бир жылдын ичинде тил үйрөнүүдө жакшы натыжайларга жетише албаганда түшүндүм. Бирок мен өжөрлөнүп, мыкты натыйжа көрсөтүүнү максат коюп, кайрадан сынак тапшырып, башка университеттин биринчи курсуна отурдум. Биринчи курстан кийин, мен мугалимдер берген билим аздык кыларын анык түшүнүп, тааныш кытай кызынан бирге жашап кытай тилин үйрөнүү үчүн кытайлыктарды издеп жатканым тууралуу жарыя жазып берүүнү сурандым. Ошентип, кытай-студенттери табылып, биз өз ара пайдалуу окуу үчүн чогуу жашоону чечтик: мен аларга орус тилин, алар мага кытай тилин үйрөтмөй болушту.

- Мындай чечимге кантип келдиңиз?

- Бир жолу менен мугалимден “Бул татаал тилди кантип үйрөнсөм болот?” деп сурадым. Ошондо менде өмүрүмдүн эки жылын кетирип, натыйжасы көңүл жылытаарлык болбогону үчүн катуу нааразы болуп тургам. Ал мени көпкө карап туруп: “Эгерде ийгиликке жетишүүнү кааласаң, ийгиликтүүлөрдү жанда, ал эми тил үйрөнгүң келсе, ошол тилди алып жүрүүчүлөр менен жүр”, - деди. Мына ошондо мен катачылыгымды түшүнүп, колго жазылган жарыя кагазымды бардык жерге чаптап чыктым: кытай соода борборлоруна, интернет-клубдарына, ресторандарга, университеттерге... Бир жумадан кийин мага телефон чалышып, биз кытайлар менен ижарага батир алдык. Ошол учурда мен кичи бизнес менен алектене баштагам. Тагыраагы компьютердик кызмат көрсөтүү, ксеро көчүрмө жасоону баштадым. Институттун ичинде витрина коюп, канцелярдык товарларды сатып, кийинчерээк ижарага институттун буфетин алдым... Кыскасы батир акысын төлөгөнгө мүмкүнчүлүгүм жетип турду. Ошентип, түшкө чейин университетте окуп, түштөн кийин үйдө чогуу жашаган кытай досторумдан дилгирлик менен окуп жаттым. Жыйынтыгы бардыгын таң калтырды. Жарым жылдан кийин мугалимдерим тил үйрөнүүдөгү жетишкендиктеримди көрүшүп, кытай тили боюнча республикалык сынакка катышууну сунушташты. Мында өлкө боюнча 3-орунду алдым. Сынактан кийин мени ири компанияга 500$ айлыгы менен ишке чакырышты. Экинчи курстун студенти үчүн бул жакшы акча болчу. Ошондо мен эч качан, кандай гана шарттар болбосун максаттан баш тартпоо керектигин түшүндүм!

Бир жылдан кийин кайрадан республикалык сынакка катышып, Кыргызстанда биринчи орунду алдым. Натыйжада Президенттик стипендия менен сыйландым. Андан соң биздин өлкөнүн атынан дүйнөлүк сынакка жөнөдүм. Бүгүн талыкпаган эмгек менен жеңишке жетишкенимди сыймыктануу менен айта алам!

- Кыйынчылыктарды кантип жеңесиң? Турмушуңузда кандайдыр бир оор учурлар болгон чыгаар.

- Жакындарды жоготуу – бул жашоодогу эң оор сыноо. Төртүнчү курста окуп жүргөм, баардыгы ойдогудай эле. Анан эле кышында үч күндүн ичинде чоң апамды, агамды жана жеңемди жоготтум. Ошентип менде кыйын кездер башталды. Мен чоң апамдын колунда өскөндүктөн, андан айрылуу - эң кымбат, баасыз адамымды жоготууга тете болду. Мен депрессияга түшүп, окуумду, ишимди таштап койдум. Дээрлик эки ай эч кайда чыккан жокмун. Эки айдан соң гана өзүмдү колго алып, Кытайга магистратурага тапшырууну чечтим. Ошентип бир жумадан кийин кезектеги сынакка катыштым. Сынактагы толкундануу учурун күнү бүгүнкүдөй эстейм. Жазуу, оозеки сынактарынын жана баарлашуунун жыйынтыгы боюнча эң жогорку упай топтоп, өз күчүм менен Кытайга окууга кеттим. Ал жакта менин жөндөмдүүлүктөрүмдү дароо байкашып, бир нече айдан кийин кытай тилиндеги концерттерди алып бара баштадым. Эки жылдан кийин магистратураны бүткөнгө бир ай калганда маянасы жакшы эл аралык институттун администрациясынан иш сунушташты. Муну менен мен адам өзүн убагында колго алып, аракет көрүшү керектигин айткым келет. Турмуш бизди канчалык калчаса дагы, биз алга карай умтулушубуз кажет. Мен ишенем, чоң апам мени менен сыймыктанмак.

- Өмүрлүк жарыңызды да Кытайдан жолуктурдуңузбу?

- Мен ар дайым айтып келем, Кытайдан тапкан эң кымбатым бул менин түгөйүм. Институттун администрациясында иштеп жүрүп бир жылдан кийин ушул университетке магистратурага окуганы келген жакшы кыз менен тааныштым. Биз сүйлөшүп жүрдүк. Анан ал дипломун алгыча күттүм, эки жылдан кийин мекенибизге кайтып, үй-бүлө курдук. Ал мени ар дайым колдоп турат. Биз учурда жакшынакай уулубузду тарбиялап жатабыз. Мындан тышкары ар жума күнү эс алуу күндөрү биз балдар үйүнөн эки баланы алып кетебиз. Аларга туура тарбия берип, камкордук көрсөтүүгө аракет кылабыз. Анткени, акчадан тышкары бул балдар ата-эненин мээримине муктаж. Ошон үчүн балдар алардын үйү бар экенин билишип, эс алуу күндөрүн чыдамсыздык менен күтүшөт.

- Кытай тили мектебин ачуу идеясы кандайча пайда болду?

- Менимче, адам колунан келген жана ырахат алган иши менен алектениши керек. Анткени өзүң жакшы көргөн ишке гана 100% берилип, күчүңдү жумшай аласың. Мен үчүн тил үйрөнүү багыт берүүчү түйүн болду. Кесибим боюнча кытай таануучу экенимди, Кытайда магистратураны бүткөнүмдү, Кытайдын алдыңкы институтунун администрациясында иштегенимди жана жаштар менен иштегенди жакшы көрөрүмдү эске алуу менен биринчи оюм мыкты окутуучулар сапаттуу билим берген Кытай тили мектебин түзүү болду.

Ошентип, “Билим экспорт” кытай тили мектебин Кыргызстанда биринчилерден болуп ачтык. Мектепти ачуу чечимин кабыл алган учурда, каражатым жок болчу. Мен бизнес план жазып, бардык тааныш ишкерлерге кайрылдым. Менин тажрыйбасыз жаш жигит экенимди көрүп баары эле макул боло коюшкан жок. Бир нече айдан кийин менин бизнес планымды окуп чыгып, ишкерлердин бири мага ишенип, керектүү суммадагы каражатты берип, алгачкы бизнес долбоорумду ишке ашырууга көмөктөштү.

Бүгүнкү күнү биздин мекеме кытай тилин үйрөтүүдө лидер болуп саналат. Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Конфуций институтунун филиалы жана Кытайдын 180 университети менен кызматташат. Алдыда дагы ири пландарыбыз бар.

- Сиз үчүн “ийгилик” деген эмне?

- Ийгилик - бул түзүлгөн жагдайларга карабастан алга жылуу, артка кылчайбай, коюлган максаттарга жетүү менен алдыга кадам таштоо.

- Учурда жетишкендиктериңизге канааттанасызбы?

- Мен үчүн акыркы жыл абдан жемиштүү болду. Ошол эле учурда жеңил эмес, мезгил-мезгили менен кыйынчылыктар коштоп турду. Бирок оорчулуктар менен кездешүүгө даярдыктын болушу маанилүү эмеспи. КР Президентинин Аппаратынын ыраазычылык каты, КР кытай таануучуларынын Ассоциациясынын Төрагасынын орун басары катары дайындалуу үзүрлүү эмгекке берилген баа болду. Жыл соңунда “Эркин-Тоо” өкмөттүк гезитинин “Жылдын адамы” номинациясынын ыйгарылышы менен аяктады. Азыркы тапта мен төрт түрдүү бизнести жетектейм, бир учурда үч жерде иштейм. Көптөр кантип бардыгына жетишесиң деп таң калышат. Буга бардыгы команданын күчү менен ишке ашууда деп айткым келет. Менимче, ар бир иште күчтүү команданы топтой билүү керек жана бир организм катары иштөө зарыл. Быйыл иш менен бизнести окуу менен айкалыштырдым. Убакытты башкаруу боюнча Ассоль Молдокматованын, тез окуу боюнча Бразилиялык машыктыруучу Алекс Гарсиастын, Асел Сыдыкованын мотивациялык, РФ машыктыруучусу Радислав Гандапастын инсандык өсүү боюнча бир катар тренингдерден өттүм. Гиннес рекорддор китебинин рекордчусу Индиялык Нишант Касибхатлдын феноменалдык эс тутум, сингапур жаш миллионери Пен Джундун, РФ миллионерлер клубунун президенти Максим Темченконун мастер-класстарына катыштым. Жакын арада инсандык өсүү боюнча дүйнөнүн мыкты бизнес-машыктыруучулары Тони Роббинс жана Харв Эккердин мастер-класстарына катышууга ниеттенип жатам. Бир сөз менен айтканда, ийгиликке жетишүү үчүн, биз күн сайын өз алдынча өнүгүү менен алектенип, ар дайым өсүп турушубуз керек. Ал эми мыкты болуш үчүн дүйнөгө таанымал мыкты инсандардан үйрөнүү зарыл.

- Окурмандарга кандай каалоо-тилегиңиз бар?

- Эң башкысы – өзүңөргө ишенгиле, эч качан артка кетпей, алдыга зор максаттарды коюп, тоскоолдуктарга карабастан, аларга жетишкиле!

Маектешкен Нуржан Касмалиева

Пикир

Оставить комментарий