• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаш калемгерлердин китептери жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан жарык көргөн жаш калемгерлердин чыгармаларынын топтомунун бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал китептер "Саамалык–14" жана "Жети жаш автор" долбоорунун алкагында чыгарылган.

"Саамалык–14" адабий топтомуна республикабыздын бардык аймактарынан, Россияда эмгектенген жаштардын, студенттердин, мектеп окуучулардын, жалпысынан 87 жаш калемгердин алгачкы чыгармалары кирген.

Ал эми “Жети жаш автор” долбоорунун алкагында Нускат Манкушеванын “Сүйүү багы”, Кымкарбек кызы Гүлайымдын “Жыйырма бешинчи жаз”, Алымкул Маликеевдин “Сүйүү тамчылары”, Айжамал Качкынбаеванын “Башат”, Чынара Абдраеванын “Шейиттер үнү”, Бекмамат Аргымбаевдин “Чыйыр”, Кадырбек Аблабековдун “Аскердеги толгонуу” жана Кайырбек кызы Нагиманын “Сирень” аттуу китептери жарык көргөн.

Белгилей кетсек, аталган долбоор Кыргызпатент тарабынан 2000-жылдан бери ишке ашырылып келет. Анын максаты жаш авторлордун чыгармачылыгын колдоп, тунгуч чыгармаларынын жарык көрүүсүнө өбөлгө түзүү.

Пикир

Оставить комментарий