• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Жаш Канат” бий ансамбли Астанадагы Эл аралык сынакта Гран-При алды

Кырсык 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Борбор шаардык Ж.Шералиев атындагы Балдардын искусство мектебинин “Жаш Канат” хореографиялык ансамбли Астанада өткөн ХI Эл аралык балдар чыгармачылыгынын сынагында Гран-Прини жеңип алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыл сайын өтүүчү Эл аралык балдар чыгармачылыгынын «Ак көгершин» сынагы Астана шаарынын акимиатынын, Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда өттү. Чыгармачыл мелдештерге 1 миңден ашык бала хореография, вокал, аспапта ойноо, мода театры номинацияларында катышты.

Бул чыгармачыл форумда Кыргызстандан “Жаш Канат” хореографиялык ансамблинин кенже жана орто топторунун тарбиялануучулары Канат Фаткулиндин жетекчилиги алдында катышты.

Бий номинациясында 60тан ашык жамаат катышты. Гран-при калыстардын бир добушу менен ансамблдин “Сардал кыз” жана “Мы - пираты” бийлерин аткарган кенже тобуна ыйгарылды. Ортонку топ ардактуу 1-орунду ээледи. Бардык катышуучулар ардак грамоталар, медалдар жана эстелик белектер менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий