Жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр баары катуу жазаланышы керек – Жээнбеков

Президент 0

Бишкек, 04.06.18. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндөгү 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга өзгөчө көңүл буруп, кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр баары катуу жазаланышы керектигин билдирди.

Мамлекет башчысы өлкөнүн Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушууда ал бул окуя тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.

«Милициянын чектен чыккан шалаакылыгынан, жоопкерсиздигинен жана өз ишин билбестиктен улам болгон бул окуяга коомчулуктун кыжырданып жатышын туура түшүнүү керек. Жаш кыздын бөөдө өлүмүнө жол берген күнөөлүүлөр баары катуу жазаланышы керек. Алар кызматтарынан четтетилип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышын коомчулук күтүп жатат. Ички иштер кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана тартипти бекемдөө боюнча жумушту күчөтүү зарыл», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал балдар менен үй-бүлөнү коргоо, балдар жана аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга багытталган мыйзам базасын жакшыртуу маселесин карап чыгууну сунуш кылды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул окуя болгон эле күнү дароо жыйын өткөрүп, бул ишти өз көзөмөлүнө алганын маалымдады.

Ошондой эле балдарга жана аялдарга карата зомбулук фактылары боюнча дагы чечкиндүү чараларды көрүү боюнча жыйындар өткөрүлгөн.

Ал Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө алып келген кайгылуу окуянын мындан ары кайталанбашы үчүн чечимдер кабыл алынып, буга жол берген ички иштер органдарынын кызматкерлерине жана жетекчилерге карата тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий