• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаш муунга байыркы кыргыз жазууларын үйрөтүү маселелери талкууланды

Билим 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. Билим берүү жана илим министр Болотбек Купешев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун кафедра башчысы Талантбек Рысбаевди жана белгилүү илимпоз Салморбек Дыйкановду кабыл алды.

Иш-чарага министрдин орун басарлары Нурлан Омуров, Надира Джусупбекова, министрдин коомдук кеңешчиси профессор Бактыбек Исмаиловдор да катышышты.

Жолугушууда жалпы орто билим берүү уюмдарында жана кесиптик окуу жайларда Манас таануу сабагын окутуу, жаш муунга байыркы кыргыз жазууларын үйрөтүү маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында бул маселелерди терең изилдеп, талдап чыгуу үчүн министрликтин өкүлдөрүнөн, адистешкен илимпоздордон, окутуучулардан жана мугалимдерден куралган атайын жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий