• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жаш окумуштуулар Индияда өтүүчү Конклавга катыша алат. Сынактын шарттары

Билим 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти “Шанхай Кызматташтык Уюмунун илимий-технологиялык инновация өнөктөштүгүн түзүү. Жаш окумуштуулардын келечеги” Конклавына катышуу үчүн жогорку окуу жайлардын жана илимий мекемелердин жаш окумуштуулары арасында сынак уюштурат. Жаш окумуштуулардын жана инноваторлордун биринчи Конклавы 2020-жылдын 14-18-октябрында Хайдарабад шаарында (Индия) өтөт.

Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, конкурс төмөнкү тематикалык багыттар боюнча жүргүзүлөт:

  • айыл-чарба жана тамак-аш өнөр жайы;
  • туруктуу энергетика жана энергия топтому;
  • биотехнология жана биоинженерия;
  • айлана-чөйрөнү коргоо жана табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу.

Конкурска 40 жашка чейинки академисттер, окумуштуулар, инженерлер, технологдор, инноваторлор, техно-ишкерлер, стартап-кесипкөйлөр катыша алат. Жаш окумуштуу-катышуучулар тиешелүү сессияда өзүнүн илимий макаласы менен чыга алат, анда илимий-техникалык иштер, жаңы идеялар жана иштелип чыккан прототиптер чагылдырылат.

Катышуучулар эки тарапка жол акысын өздөрү төлөшү керек (Бишкек-Хайдарабад-Бишкек авиабилеттери). Ал эми жатакана, тамак-аш жана шаар ичиндеги транспорттук чыгымдарды Индия тарап каржылайт.

Конкурска катышкан мыкты талапкерлерди тандоо үчүн министрлик комиссия түзөт.

Керектүү документтер:

1. Анкета;

2. Резюме/талапкердин кыска өмүр таржымалы;

3. Талапкердин сүрөтү (сүрөт 250х300 пикселден жогору болушу керек).

Катышуу боюнча арыздар 2020-жылдын 22-июнунан 4-августуна чейин кабыл алынат.

Кошумча маалыматтарды КР Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаментинен алсаңыздар болот. Тел: (312) 392003.

Пикир

Оставить комментарий