• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жаш сүрөтчүлөр Бишкектин 140 жылдыгына карата пленэрге катышышты

Маданият 0

Бишкек, 28.04.18 /Кабар/. Бишкектин Билим берүү башкармалыгынын маалыматы боюнча шаардык мектеп окуучуларынын чыгармачылык борборунун “Боектор дүйнөсү” көркөм өнөр ийриминде Бишкек шаарынын 140 жылдыгына арналган сабак өткөрүлдү.

Ийримдин мугалими Филиппова Анастасия Александровна 3-4-класстын окуучуларына “Бишкекке 140 жыл” чакан экскурсиясын жана “Шаардык пейзаж. Этюд” пленэрин өткөрдү. Окуучулар алган билимдерин жаңы жагдайда колдонуп көрүү, дүйнө таанымын жакшыртуу жана дүйнөнү “башкалардын көзү менен” көрүү мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул алардын пленэрдеги биринчи сүрөт тартуу тажрыйбасы болду.

Сабактар абдан кызыктуу өттү. Балдар жаратылыш жана бири-бири менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө кубанып турушту.


Пикир

Оставить комментарий