• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Жаш таңдай" Айтыш-2017 таймашынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Маданият 0

Бишкек, 12-март /Кабар/. КРнын эл артисти, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, акын Ашыраалы Айталиевдин 90 жылдыгына арналган жаш төкмө акындардын арасындагы "Жаш таңдай" Айтыш-2017 сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Жаштардын арасынан Болот Назаров мыкты акын аталып, Гран-приге ээ болду. 1-орунду Мундузбек Усупбаев, 2-орунду Темирбек Матыбаев жана 3-орунду Асылбек Маратов алышты. Финалга чыккандарга эстелик жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Таймаш КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосунда “Айтыш” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Эскерте кетсек, 10-мартта А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада 30 жаш акын катышкан 1-тандоо туру өткөн. Алардын 16сы финалга чыккан. Калыстар тобуна Саламат Садыкова, Садык Алахан, Карбаласа Бакиров, Кайрат Иманалиев, Аалы Молдоканов, Самат Көчөрбаев, Мирлан Самыйкожо сыяктуу КРнын көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери кирген.

Сынактын байге фонду 500 000 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий