• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жаш жөө күлүктөр Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйын өткөрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 02.03.21. /Кабар/. Жаштар арасында жеңил атлетика боюнча курама команда Ысык-Көлдө окуу-машыгуу жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Эл аралык мелдештерге ийгиликтүү даярдануу максатында жеңил атлетика боюнча курама команданын мүчөлөрү окуу-машыгуу жыйын өткөрүп жатышат.

Машыгуулар 28-февралда старт алган жана 19-мартка чейин уланат.

Жыйынга төмөнкү спортчулар тартылган:

1. Эльдияр Кадыров, 1-разряд
2. Абибулла Аматов, 1-разряд
3. Игорь Измайлов, 1-разряд
4. Бекзат Садыгалиев, 1-разряд
5. Шамиль Мусуралиев, 1-разряд
6. Айасель Эргешова, 1-разряд
7. Айгерим Алтыбаева, 1-разряд
8. Арууке Кунчубекова, 1-разряд
9. Дилим Эсенжанова, 1-разряд
10. Замир Данияр уулу, 1-разряд
11. Хабибулла Акылбек уулу, 1-разряд
12. Илья Остраухов, 1-разряд
13. Руслан Абдусатаров, 1-разряд

Белгилей кетсек, окуу-машыгуу жыйын Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды.

Пикир

Оставить комментарий